Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.
Ош шаарында Южный каналына түшүп кеткен 10 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ю.М. аттуу кичинекей кыз 19-май күнү Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына түшүп кеткен.
Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 20:50 кеч киргендигине байланыштуу издөө иштерин убактылуу токтотушкан.
20-майда эртең менен издөө иштерин улантылып, саат 06:35 маркумдун жансыз денеси табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.