• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Ошто карылар жана балдар үйүнөн өрт чыкты

3 Теке 202310:14 Бишкек Govori.TV

Оштогу «Боорукердик» аттуу карылар жана балдар үйүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат 2-июлда саат 19:36да түшкөн. Жерине эки күжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 21:11де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 399 чарчы метр болгон «Боорукердик» үйүнүн 198 чарчы метр аянтындагы 3 шкаф, 4 матрац, пианино, телевизор жана 10 даана отургуч күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 126