• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто каза болгон үч орусиялык жаран ФСБнын кызматкерлери экени айтылды

27 Теке 2022 15:50 Бишкек Govori.TV

Ошто Орусиянын үч жараны каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн 27-июлда шаардык милициядан кабарлашты.

Айрым маалымат каражаттары каза болгон үч адам Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери экенин жазып жатышат. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Оштогу Башкы консулдугу бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Эске салсак, 25-июлдан 26-июлга караган түнү Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүндө Hyundai SantaFe үлгүсүндөгү унаа жарнама орнотулган темир мамычаны сүзгөн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү окуя болгон жерде көз жумган.

Алар:

  1. Айдоочу Р.Д.В. 1982-жылы туулган, Россиянын жараны,
  2. Жүргүнчү Г.А.И. 1975-жылы туулган, Россиянын жараны,
  3. Жүргүнчү Б.В.О. 1986-жылы туулган, Россиянын жараны.

Ошто Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын ыкчам чек ара тобунун өкүлчүлүгү иштейт.

Количество просмотров: 63