• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ошто «Келечек» базары өрттөндү

15 Тогуздун айы 20219:27 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында «Келечек» базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришити.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Келечек» базарынын аймагында саат 00:21 чамасында, ашканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Өрт саат 01:13тө чектөөгө алынып, саат 03:37де толук өчүрүлдү. Натыйжада ашкана, токардык цех, кийим сатуучу менен азык-түлүк дүкөнү, жаңы курулуп жаткан дүкөндүн чатыры күйдү»,-деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 316