• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто кездеме ишканасынан өрт чыкты

7 Аяк оона 20209:35 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын Кең-Сай айылында жайгашкан кездеме ишканасынын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү Кең-Сай айылында жайгашкан кездеме ишканасынын имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу саат 20:08де маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 10 куткаруучу тартылган. Өрт саат 21:35те чектөөгө алынып, саат 00:15те өрт толук өчүрүлгөн.

Белгилей кетсек, өрттүн жалпы аянты болжол менен 686 чарчы метр. Өрттөн жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.

Количество просмотров: 128