• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто ӨКМдин агенттигинин башчысын атып кетишти

26 Бештин айы 2019 13:03 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» агенттигинин кызматкери Сапар Бакыевди атып кетишти.

Шаардык милициянан билдиргендей, 35 жаштагы маркумдун денеси тез жардам кызматы тарабынан ооруканага алынып келинген. Ошол замат милицияга кабарланган. Жансыз денени кароо учурунда башынын арка тарабында белгисиз ок атуучу куралдын атылган октон калган изи жана мурун тарабында анын чыккан изи бар экендиги аныкталган.

Ошондой эле маркумдун жашаган адреси боюнча үй-жайын кароо учурунда сарайынын алдында уюган кандын жана андан төрт метр аралыкта белгисиз октун гильзасы табылган.

Каза болгон жаран Озгур айылында жашаган. Үй бүлөлүү. Эки уулдун атасы. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу агентикти жетектеп турган.

Учурда бул факт боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине адам өлтүрүү боюнча катталып, ар тараптуу иликтөө иштери башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 1335