• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштады

20 Аяк оона 202410:09 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 16-сентябрынан тарта Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштады. Ага ылайык шаардын негизги 44 көчөсүнө камералар орнотулган. Бул тууралуу Ош шаарындагы өз кабарчыбыз билдирди.

“Коопсуз шаардын” камералары Курманжан датка, Гапар Айтиев, Исхак Раззаков, Бекмамат Осмонов, Ысакбек Монуев, Абсамат Масалиев, Тилеке баатыр, Навои атындагы көпүрө, аэропортко бараткан жол өңдүү жана башка ондогон машине көп каттаган жолдордо иштей баштады.

“Коопсуз шаар” долбоору Ош шаарында толук ишке кирерин буга чейин шаар мэриясы кабарлаган. Анда жол эрежесин бузгандарга бир айдын ичинде айып пул салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөөрү айтылган.

Ошко “Коопсуз шаар” долбоорунун камераларын сатып алууга шаардын муниципалдык менчик башкармалыгы 2,5 млрд. сомдук тендер жарыялаган. Конкурска жалгыз орусиялык «МегаФон» акционердик коому катышып, жеңүүчү болгон.

Количество просмотров: 127