Бишкек.25.07.2019.Govori.TV.
Ош шаарындагы катталган жол кырсыгынан 1 адам көз жумду. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 24-июлда саат 18:00 чамасында катталган. Ош шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндө «Дэу-Тико» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичиавтобус кагышып, «Дэу-Тико» унаасындагы 3 адамдын бири — 25-30 жаштардагы жүргүнчү каза тапкан.
Учурда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы окуя боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.