• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Оштогу кырсыкта 4 адам көз жумду. Соодагерлер кайрадан митингге чыгышты

24 Кулжа 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖУК ТАШУУЧУ УНАА КУЛАП, 4 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Бүгүн, 24-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиргендей, кырсыктан окуя болгон жерде 4 адам каза болуп, дагы бир адам жабыркаган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол кырсыгынан 3 жаш бала каза болгонун маалымдаган.

Ведомстводон белгилегендей, жүк ташуучу унаа көмүр жүктөп бара жаткан, кандайдыр бир себептер менен тротуарга чыгып, андан ары оодарылып кеткен. Азыркы учурда жеринде ЖКККББнын кызматкерлери кырсыктын себебин такташууда.

ТҮРКПА КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТҮП ЖАТАТ

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму башталды.

ТүркПАнын пленардык жыйынынын ишине ТүркПАга кирген өлкөлөрдүн — Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербейжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын парламенттик делегациялары катышууда.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, 2023-2028-жылдарга карата ТүркПАнын стратегиялык жол картасын бекитишет. Ошондой эле социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтүп, отурумдардын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат.

Жыйындын жыйынтыгы менен Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат.

СООДАРГЕРЛЕР КАЙРАДАН МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаарындагы Максим Горький атындагы сейил багында зер буюмдарын саткан соодагерлер митингге чыгышты. Алар ККМ аппараттарын орнотууга каршы экендигин билдирип, патент менен иштей берүүнү суранып чыгышкан.

«Биз контролдук кассалык машина орнотууга каршыбыз. Эгерде ККМ киргизилсе, биздин чыгымдарыбыз өзүн актабай калат», — деди соодагерлердин бири.

Белгилей кетсек, жаңы Салык кодексинин долбоору боюнча, «Дордой» сыяктуу ири жана кичи базарларда контролдук кассалык машина (ККМ) менен соода кылуу милдеттендирилген.

Количество просмотров: 260