Бүгүн Париждеги олимпиадада күмүш медаль алган мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун урматына жердештери, кошуналары ресторанда той уюштуруп, Мунарбек Сейитбек уулуна ызаат көрсөтүштү.
Кече оюн-зоок менен коштолуп, конокторго Мунарбек Сейитбек уулунун Олимпиада оюндарынан алып даярдалган видеоролик көрсөтүлдү. Ошондой эле Мунарбек күйөрмандарга кол тамгасын коюп берди. Коноктор менен сүрөткө түштү.

Ош шаарынын мэриясынан Мунарбек Сейитбек уулуна үч бөлмөлүү батир жана
1 миллион сом, анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылып, кошумча 500 миң сом берилди.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Мунарбек Сейитбек уулу, Акжол Махмудов жана Кубанычбек Айбек уулуна жана машыктыруучуларына акчалай белектер тапшырылды.
Спортчуларга Ош облусунун Өзгөн, Алай жана Араван райондорунун мамлекеттик
администрациялары тарабынан аргымактар белекке берилди.