• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Ошто мыйзамсыз курулган соода жайлар, кафелер бузула баштады

29 Жетинин айы 2023 9:27 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы мыйзамсыз, келишим эрежелерин сактабаган коомдук тамактануучу жана соода жайлары бузула баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда буфердик зонада жайгашкан Green Hоuse кафесин, Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын алдындагы жашыл аймакта жайгашкан «Сансара» кафесин, ошондой эле гүл жана соода-сатык багытындагы түйүндөрүн алып салуу иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, аталган жайлардын ээлерине буга чейин Ош шаарынын мэриясы, тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан бир канча жолу эскертүүлөр берилген, бирок аткарылган эмес.

Количество просмотров: 166