• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто мыйзамсыз курулуштардын ордуна эс алуу багы курулат

17 Бирдин айы 20259:08 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Мамыров көчөсүнүн абалын текшерип, аталган көчөнүн боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштар буздурулуп, эки тарабында шаар тургундары жана коноктору үчүн жаңы заманбап эс алуу багы түзүлөөрүн билдирди.

Жеринде мыйзамсыз жана убактылуу курулуштарды бузуп алып салуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге, заманбап көп функционалдуу эс алуу багынын эскиздик долбоорун даярдоо тапшырмасы коюлду.

“Ак-Тилек кичи районуна кирүүчү айланма жолдун боюна, Мамыров көчөсүнүн эки жагына жаңы заманбап эс алуу багы курула баштайт. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул бакка, анын өнүгүсүүнө салым кошкон белгилүү инсандын ысмын ыйгаруу керек”, — деген мэр.

Количество просмотров: 180