• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто опузалап 10 миң доллар талап кылгандар кармалды

1 Кулжа 2021 10:40 Бишкек Govori.TV

Ош ОИИБдин кызматкерлери тарабынан опузалап 10 миң доллар талап кылган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-майында Ош облусунун Араван районунун Нур-Абад айыл аймагынын 57 жаштагы тургуну Б.У. арыз менен кайрылган. Анда ал 2021-жылдын 24-майынан тартып аны Араван районунун Нур-Абад айыл аймагынын Кайрагач-Арык участкасында жайгашкан “Байбува уулу Жорохан” соода борборуна ага тааныш болбогон, өзүн “С” деп тааныштырган атуул шериги менен биргеликте келишип, коркутуу менен опузалап 10 миң АКШ долларын талап кылып келгендигин билдирген.

Аталган жагдай Ош ОИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-бер. 3-бөл. 2-пунктунда ( Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине каттоого алынган.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө “С” аттуу жаран Ош облусунун Араван районунун Кесек айылынын 33 жаштагы А.С. экендиги аныкталып, жүргүзүлгөн тийиштүү ыкчам-тергөө иш чараларынын натыйжасында А.С. жабырлануучу 57 жаштагы Б.У.дан опузалап талап кылган акча каражаттарынын ичинен 3 миң АКШ доллар акча каражаттарын, анын кылмыштуу шериктеши Араван районунун Кесек айылынын тургуну 28 жаштагы Ж.Ж. алып жаткан жеринен Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кармалган»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Ж.Ж. 2021-жылдын 30-майында Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 2021-жылдын 31-май күнү баш коргоо чарасын караган учурда Ош шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Ал эми 33 жаштагы А.С. 2021-жылдын 31-май күнү Ош шаарында кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары Ош ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө. Кылмышка шектүүлөрдүн бири Араван районунун айылдарынын биринде жергиликтүү Кеңештин депутаты экендиги жана мурда укук коргоо органында иштеп кеткендиги белгилүү болду.

Количество просмотров: 166