• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ошто «Положенец» каймана аты бар кримавторитет кармалды

22 Тогуздун айы 2020 10:31 Бишкек Govori.TV


Ош ШИИБинин региондор аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан опузалап талап-тоноочулукка шектелип, мурда соттолгон 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун жарандык укугун коргоп берүү боюнча арыз менен кайрылган. Анда бир нече айдан бери белгисиз жаран андан 100 миң сом же 5 сотых жер тилке талап кылып жатканын айтылган.
Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 203-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«20-октябрда Ош ШИИБинин региондор аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районуна жергиликтүү тургундарынын мал-мүлкүн коркутуу жолу менен тоноп жүргөн жаранды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада 1986-жылы туулган Ж.У. аттуу жаран опузалоо жолу менен 10 миң сом акчаны алып жаткан жеринен кармалган. Кылмышка шектүү буга чейин Орусиянын аймагында талап-тоноочулук менен соттолгон жана криминалдык чөйрөдө «Положенец» каймана аты менен жүргөн», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 177