• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Ошто салатка уулангандардын саны 17ге жетти

14 Жалган куран 201811:06 Бишкек Govori.TV
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жабыркагандардын алтоо — жаш бала. Эске салсак кечээ Өзгөн шаарынын тургундары кышкы салатка ууланганын айтылган.  
Адамдар 11-мартта ууланышкан. Медициналык жардам алуу үчүн 12-мартта тогуз киши кайрылса, 13-мартта ооруканага дагы сегиз киши түшкөн.
«13-мартта беш бала санавиация менен Ош шаардык клиникалык ооруканасына алып келинген. Үч баланын абалы оор. Эки баланын саламаттыгы туруктуу оор деп бааланууда», — деп айтылат маалыматта.
Өзгөн аймактык ооруканасында учурда 12 бейтап дарыланууда. Алардын бири кайра жандандыруу бөлүмүндө.

 

Количество просмотров: 35