• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын деген буйрук жокко чыгарылды

17 Чын куран 2020 13:50 Бишкек Govori.TV

Ош облусундагы өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу жөнүндө коменданттын буйругу жокко чыгарылды. Бул тууралуу  Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

«Бул жергиликтүү бийликтер, депутаттар жана салык кызматы менен кеңеше турган, добуш менен чечиле турган иш экен. Ошондуктан буйруктун айрым жерлерин такташып туруп, кайрадан карап чыгалы деген чечим кабыл алдык. Бирок спирт ичимдигин саткандарга эскертүү берилип жатат. Ошол жактагы элдин саламаттыгы үчүн жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн 14 күн чыдап, аны сатпай турушун айтып жатабыз», — деди комендант.

Белгилей кетсек, 13-апрелде Оштун  коменданты Малик Нурдинов Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунда спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу жөнүндө буйрук чыгарган болчу.

Количество просмотров: 96