• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Ошто тамекини мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлду

11 Бугу 202418:47 Бишкек Govori.TV

Өзгөн районунда өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки буюмдарын мыйзамсыз ташуу фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын багажнигинде акциздик маркасы жок 3500 куту тамеки буюмдары табылган.

Унаа көрсөтүлгөн продукциясы менен айып токтотуучу жайга киргизилип, материалдар юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Салык кызматы өлкө аймагында эсепке алынбаган товарларды аныктоо иштерин улантууда.

Количество просмотров: 125