• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Ошто тергөөчү кармалды

29 Жалган куран 202517:20 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ош ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Ж.А. кармалды.

УКМКнын маалыматында айтылгандай, Ош ШИИБдин тергөөчүсү жеке кызыкчылыгын, баюуну көздөп, кылмыш ишин токтотуу жана жоюу максатында Ош ШИИБдин архивдик кылмыш ишин таап, кайра ачууга көмөк көрсөтүү үчүн КР жаранынан 50 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталды.

«КР жараны бир нече жолу КР ИИБне кат жүзүндө кайрылуу жолдогон. Бирок, Ош ШИИБдин тергөөчүсү жарандардын кайрылууларын кароонун мыйзамда белгиленген тартибине карабастан, жогоруда көрсөтүлгөн сумманы талап кылган.

Ошентип, 2025-жылдын 27-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында акча каражаттарын которуу фактысы катталган. Ош ШИИБдин улук тергөөчүсү милициянын подполковниги К.Ж.А.нын кызматтык кабинетин тинтүү учурунда 45 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган. Мындан улам, аталган кызматкер КР ЖПКнын 96 жана 97-беренелеринин негизинде кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди»,-деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 203