• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто цехтен өрт чыгып, 3 киши күйүк алды

18 Тогуздун айы 2021 16:20 Бишкек Govori.TV

Ошто цехтен өрт чыгып, 3 киши күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндө жайгашкан жеке менчик цехтен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 09:38де чектөөгө алынып,10:02де толук өчүрүлдү.

«Өрттүн кесепетинен 3 эркек киши (1973-ж.т. Ж.Н., 1991-ж.т. Р. Н., 1976-ж.т. С.А.) денелеринен күйүк алып, облустук ооруканага жеткирилди, абалдары канааттандырарлык»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тилсиз жоонун себеби такталууда.

Количество просмотров: 171