• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто унаа өрттөнүп, 1 жана 4 жаштагы балдар каза болду

25 Тогуздун айы 202015:19 Бишкек Govori.TV

Оштун Кара-Суу районунда унаа өрттөнүп, анын кесепетинен эки бала каза болду. Маалыматты Govori.TVга Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 24-октябрь күнү, Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Жылкелди айылында болгон.

«Короодо токтоп турган Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын ичинде 1жана 4 жаштагы балдар ойноп жатканда эшиктери бекилип калган. Кийин унаадан кокусунан өрт чыгып кетип, балдардын денеси күйүк алган. Жабыркаган балдар Кара-Суу райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Натыйжада экөө тең каза болуп калышкан», — деп билдиришти облустук милициядан.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 1362