• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыкты

26 Бештин айы 202212:05 Бишкек Govori.TV

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу шаарында жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыккан.

Алдын ала маалымат боюнча, Нуракунов көчөсүндө жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 09:02де Кара-Суу райондук №25 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 09:18де 1 бөлүм, саат 09:45те Кара-Суу райондук №102 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылды.

Количество просмотров: 175