• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ошто Өзбекстанда издөөдө жүргөн жаран кармалды

14 Жалган куран 2024 11:49 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында Өзбекстанда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзбекстандын Андижан облусунун 1973-жылы туулган К.Ш.Т. аттуу жараны кармалган.

Ал Өзбекстандын аймагында диний-экстремисттик иштерге аралашкандыгы, ошондой эле Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салгандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Учурда кармалган жаран Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №5 тергөө абагына киргизилди.

Количество просмотров: 67