• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ошто Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келген жүк аныкталды

6 Чын куран 2023 14:14 Бишкек Govori.TV

Ошто Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келген жүк аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылар тарабынан Ош облусунун Ноокат районунда У.У.С. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа текшерилген.

Унааны текшерүү учурунда Өзбекстанда жасалган жалпы салмагы 405 кг, баасы 350 миң сомду түзгөн ич кийимдер табылган.

Факт боюнча чогултулган материалдар андан ары процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Бажылык текшерүү тобуна өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 184