• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто жер силкинди

23 Тогуздун айы 20209:58 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 22-октябрда, саат 19:46да катталган. Ага ылайык, силкинүүнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Алай районунун Кичи-Каракол, Гежиге, Ак-Жай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 142