Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 23:47де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
«Жер титирөө Кара-Суу районунун Сары-Колот, Кызыл-Сенир, Отуз-Адыр, Правда, Мады, Савай айылдарында 3 баллга, Өзгөн районунун Куршаб айылында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.