• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто жер силкинди

29 Үчтүн айы 202310:09 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 19:13тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Мырза-Арык, Куршаб айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Правда айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 131