Кечээ, 5-апрелде өлкө аймагында эки ирет жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач 4 баллдык жер титирөө саат 08:21де катталган. Институттун алдын ала маалыматтары боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашып, Нарын шаарынан 210 жана Каракол шаарынан түштүк-чыгышты карай 252 чакырым аралыкта болгон. Калктуу конуштарда анчейин билинген эмес.
Ошондой эле экинчи жер силкинүү саат 19:24тө катталып, магнитудасы 5 баллды түзгөн.
Алдын ала маалыматтары боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайда болуп, ал эми Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Эркечтам, Нура жана Икизяк айылдарында 3 баллды түзгөн.