• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто жер титирөө болду

27 Жетинин айы 202421:14 Бишкек Govori.TV

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 18:18де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Араван районунун Жаңы-Араван жана Араван айылдарында 3 баллга (Жаңы-Араван айылынан 3 чакырым түндүк батышка, Араван айылынан 6 чакырым түштүк чыгышта, Ош шаарынан 22 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 141