• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто жер титирөө болду

22 Аяк оона 201810:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.09.2018.Govori.TV.
Ош облусунун аймагында бүгүн таңкы саат 04:57де жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Кашкар-Кыштак, Нариман, Кара-Суу айылдарында 3,5 баллга, Мады, Каратай, Кызыл-Ордо айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.
Количество просмотров: 53