• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Ошто жер титирөө катталды

30 Жетинин айы 202422:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 15:18де Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Куршаб айылынан түндүк-батышка карай 2 чакырым, Правда айылынан чыгышка карай 5 чакырым, Мырза-Арык айылынан түштүк-батышка карай 6 чакырым, Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 37 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу конуштарда — Куршаб айылында 3 балл, Мырза-Арык жана Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 157