• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто жер титирөө катталды

21 Үчтүн айы 201917:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бтлдтрди.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 21-январда болжол менен саат 15:15те катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Чымбай, Өзгөн, Кароол айылдарында — 3 баллга, Красный Маяк, Кара-Кочкор, Кеңеш, Кандава айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 61