• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто жер титиреди

7 Бирдин айы 20209:27 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 06:14тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ноокат районуна караштуу Керкидан, Найман айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 84