• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ошто жер титиреди

13 Үчтүн айы 20219:41 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 13-январь күнү саат 01:07де Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

«Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жайылма айылында 2 балл, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилди»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 82