• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ошто жер титиреди

28 Үчтүн айы 202116:52 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-январь күнү саат 14:22де Ош облусунун очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

«Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында 3 балл, Өзгөн районунун Чимбай айылында 3 балл, Мырзаке, Салам-Алик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 97