Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрда саат 08:40та очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталып, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында эки баллга чейин сезилди.
«19-сентябрда саат 21:21де жер титирөө катталып, Алай районунун Сары-Таш жана Арча-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.