• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто жер титиреди

22 Жетинин айы 20219:04 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 06:49да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

«Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Иркештам, Нура жана Кара-Киндик айылдарында 3 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 136