• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто жер титиреди

2 Чын куран 20209:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-апрель күнү саат 19:50дө өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

«Жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Ата-Мерек, Кызыл-Туу, Алчалуу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп жазылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 298