• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто жер титиреди

25 Бугу 2022 9:43 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-майда түнкү 23:35те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3 балл, Кашка-Суу, Кара-Кабак, Жайылма айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 111