• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто жер титиреди

9 Үчтүн айы 202512:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 11:32де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматы боюнча, жер титирөө Ноокат районунун Чапаев айылынан батышка карай 3 чакырым, Фрунзе айылынан чыгышка карай 3 чакырым, Ноокат айылынан түндүк-чыгышка карай 5 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышка карай 32 чакырым аралыкта жайгашып, Ноокат, Чапаев айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 349