Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-августта саат 09:41де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылында 3,5 балл, Карамык айылында 3 балл жана Шибээ айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.