• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто жол эрежесин бузган той кортежине айып салынды

30 Баш оона 202417:55 Бишкек Govori.TV

Ошто жол эрежесин одоно бузган той кортежине 55 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда “Toyota Camry” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, одоно жол эрежесин бузуп руль башкарып бара жаткандыгы боюнча видеотасма тараган.

Дароо жол кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, “Toyota Camry” үлгүсүндөгү автоунааны таап, айып короо жайына токтотушту. Ал эми айдоочуга карата автоээнбаштык жасагандыгы, терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандыгы жана жасалма номер тагып жүргөндүгү үчүн 55 миң сом айып салынды. Ошондой эле жанында чогуу жүргөн унаалар да изделип жаткандыгы белгилүү болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардан көчөлөрдө жол эрежелерин бузган фактыларды көргөн учурда 0777 102-102 ишеним номерине жөнөтсө болорун, кызматкерлер тарабынан тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Количество просмотров: 116