• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто жол тандабас 6 жашар баланы өлтүрө сүзүп, айдоочу качып кетти

28 Аяк оона 2018 9:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.09.2018.Govori.TV.
Бишкек-Ош унаа жолунда 6 жаштагы баланы жол тандабас унаасы сүзүп кеткен. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлады.
Учурда ал изделип жатканын Ош облустук билдирди. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 27-сентябрь күнү саат 18:50 чамасында Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылынын 6 жаштагы тургунун Тойота-Прадо үлгүсүндөгү жол тандабас менен сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырган.
Окуя болгон жерден өспүрүм каза болгон. Учурда айдоочу издөө иштери жүруп жатат. Ошондой эле Ош облусунун аймагында «Курчоо» иш мерчеми киргизилип, шаар жана райондордун кире бериш, чыга бериштери жерлерине блок посттор коюлган.
Количество просмотров: 23