• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто жыгач базардан чыккан өрт чектөөгө алынды

22 Аяк оона 2022 12:40 Бишкек Govori.TV

Ошто жыгач базардан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма соз кызматы кабаралды.

Маалыматта айтылгандай, Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө базардын аймагында жыйылган жыгачтардан өрт чыккандыгы тууралуу ӨКМдин 112 бирдиктүү телефонуна маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 03:38де Ош шаардык №12 өрткө каршы бөлүктөн 1 бөлүм, саат 03:39да №13 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүктөн 1 бөлүм, саат 03:58де, №12 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 03:59да №13 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 04:00дө Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 5 бөлүм тартылган.

Такталган маалымат боюнча, Касымбеков көчөсүндө жыгач базардан чыккан өрт саат 04:44тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 87