Ош шаарындагы “Акгөр” көрүстөнүндө рекультивациялоо иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясыны билдирди.
Маалыматка ылайык, көрүстөн мындан 73 жыл мурун жабылган жана анын аянты 19 сотыхты түзөт. Көрүстөндү рекультивациялоонун максаты – аны коомдук муктаждыктар үчүн кайра пайдалануу болуп саналат. Буга чейин тиешелүү кызматтар тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-март күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаарынын казысы Мирлан ажы Токтомушев, Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар чогулуп, жалпы маркумдарга куран окулуп, курмандык чалынган.