Ош шаарында мэрдин толгон көрүстөндөрдү рекультивациялап, башка жайга которуу боюнча тапшырмасына ылайык шаар аймагындагы жалпы 5 мусулман көрүстөнүндө рекультивация иштери жүргүзүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көрүстөндөр мындан 60-70 жыл мурда жабылган. Ал жердеги маркумдардын сөөгү башка көрүстөнгө которулуп коюлду.
Жалпы көрүстөндөрдүн ээлеп турган аянттары 10 гектарга барабар.
Алар:
Жапалак көрүстөнү, аянты 1 гектарга жакын;
Озгур көрүстөнү, аянты 1 гектардан ашык;
Акгөр көрүстөнү, аянты 19 сотых;
Мажрүмтал көрүстөнү, аянты 3 гектарга жакын;
Андижан көрүстөнү, аянты 35 сотых.
Ошондой эле учурда «Хохлово» орус, христиан көрүстөнүндө рекультивация иштери жүргүзүлүп жатат. Аянты 4 гектар 10 сотых.