Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын контрчалгындоо Башкы башкармалыгы менен биргеликте Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүгүнүн биринде аскердик мүлктүн максаттуу пайдаланышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Текшерүүдө аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары жалпы суммасы 2 млн 298 миң 708 сомдук ар кандай материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз коротууга жол беришкендиги аныкталды.
Бул факты боюнча Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.