• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Оштогу үч тилкедеги добуштар кайра саналат

20 Үчтүн айы 2021 14:10 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарындагы № 5319, 5320, 5559 тилкелериндеги добуштарды кайра санайт. Жыйын 20-январда болорун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттикке талапкерлердин бири Курсан Асанов Ош шаарындагы аталган шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктар кайра эсептелишин талап кылып, Асанов арыз жазган.

БШКнын маалыматына караганда, Асанов өзү үчүн добуш берген кишилердин аты-жөнүн сунуш кылып, бирок алардын саны аталган тилкелердеги добуштарга дал келбей жатканын билдирген.

Эске салсак, 10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров дээрлик 80% добуш менен алдыга чыккан. Расмий жыйынтык азырынча чыгарыла элек. Курсан Асанов 0,49% добуш алган.

Теги:
Количество просмотров: 39