• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Саат 14:00гө карата 661 миң 501 адам добуш берди

10 Үчтүн айы 2021 15:26 Бишкек Govori.TV

Саат 14:00гө карата 661 миң 501 адам добуш берди. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга 661 миң 152 адам добуш берген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эң көп добуш берүү Ош облусунда катталган.

 “Жалпы 661 миң 501 адам добуш берди. Бул жалпы 3 миллион 563 миң 574 шайлоочунун 18,55 пайызын түзөт»,-деди ал.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Количество просмотров: 161