• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Оштогу «Манас-Ата» кафесиндеги окуядан кийин, администратору Машрапхон Кушакбаева кызматынан кетти

29 Кулжа 2022 17:42 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын Манас-Ата кафесиндеги окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган коомдук тамактануучу жайдын жетекчилигине, администраторуна түшүндүрүү иштери бул тууралуу маалыматтар интернет булактарына жарыяланган учурда эле жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат-кызматынан кабарлашты.


«Бүгүн бул окуяны текшерүүнүн алкагында аталган кафенин ээси Бахтияр Гуламов Ош шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, окуя боюнча суралды. Ал жарандарга орой мамиле жасагандыгы үчүн кафенин администратору Машрапхон Кушакбаева кызматтан кетирилгендигин билдирди»,-деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле тергөө кызматына аталган кафенин администратору, блогерлер менен түшүнбөстүккө барган Машрапхон Кушакбаева, анын жаржамчысы Ориф Аширалиев тергөө кызматына алынып келинип, окуя боюнча көрсөтмөлөрүн беришти.


Окуя маалыматтардын электрондук журналына катталды. Ар тараптуу текшерүүлөр жүргүзүлүп, катыштыгы бар жарандарга тиешелүү юридикалык баа берилет. Кафенин окуя болгон учурдагы администратору Машрапхон Кушакбаеванын айткан сөзү боюнча атайын экспертиза дайындалды.
Ошол эле мезгилде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяны шылтоо кылып, улуттар аралык араздашууну күчөткөн, жарандардын улутуна, жеке кадыр-баркына доо кетирген комментарийлерди жазуудан баш тартууга чакырат.

Белгилей кетсек, «Манас-Ата» кафесинин башкаруучусу Машрапхон Кушакбаева «Не сахар» берүүсүнүн журналисттин ашканасына киргизбей, өзү менен өзбек тилинде сүйлөшүүнү талап кылган.

Количество просмотров: 10883