Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын директорунун милдетин аткаруучу болуп Ильязбек Ташболот уулу дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.
Маалыматка караганда, Ильязбек Ташболот уулу окуу жайга 3 айлык сыноо мөөнөтү менен жетекчи болду. Ал буга чейин аталган окуу жайда иштеп келген.
Эске салсак, музыкалык окуу жайга ырчы Самара Каримова жетекчи болууга аракет кылып, бирок эмгек жамаатынын нааразылыктарынан кийин баш тарткан.